• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында комплекстүү иш-чаралар жүрүүдө - ИИМ

Аймак 0

Бишкек, 04.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында комплекстүү иш-чаралар жүрүүдө. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурдагы кырдаалга байланыштуу жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн Баткен облусунун ИИБдин өздүк курамы тартылып, күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөшүүдө.

"Облустун жалпы аймагында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилген. Азыркы учурда Баткен облусунун аймагында санитардык-карантиндик посттор коюлуп, күнү-түнү ички иштер органдары, саламаттык сактоо министрлигинин, ӨКМдин жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барышууда. Коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүү жана алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Калктын коопсуздугун камсыздоо жана аталган илдеттин жайылышына жол бербөө максатында жер-жерлерде ыкчам чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

ИИМден кошумчалашкандай, шаардын көчөлөрүндө, райондордун борборлорунда жана башка калк жыш жайгашкан жерлерде милиция кызматкерлери үндү катуу чыгаруучу түзүлүштөр менен коронавирус илдетинин жайылуу коркунучуна байланыштуу коопсуздук чараларын аткаруунун зарылдыгы жөнүндө калкка маалымдоодо.

Пикир

Оставить комментарий