• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда жазгы айдап-себүү жумуштары башталды

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Баткен облусунда жазгы айдап-себүү жумуштары башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жаз эрте келген Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында, 500 гектар кайрак жерге арпа себилди. Облустун башка аймактарында да жер айдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат.

2021-жылы облуста 9247 гектарга жаздык буудай, 11495 гектарга жаздык арпа себүү пландалган. Ошондой эле 1450 гектарга дан буурчак, 432 гектарга май өсүмдүктөрүн эгүү аракеттери көрүлүүдө.

Негизи 2021-жылдын түшүмү үчүн, жаздык жана күздүк себүүдө, 30501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган.

Облуста жаздык айдап себүүгө айыл чарба техникалары даяр. Күйүүчү жана майлоочу майлар жылдагыдай эле, дыйкандарга мамлекет тарабынан арзандатылган баада сатуу уюштурулууда.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында, ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу, азык түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында, айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер-жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.

Учурда жер семирткич, үрөндөр, жергиликтүү базарларда сатылууда.

Пикир

Оставить комментарий