• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда жазгы талаа иштери 90,4 пайызга аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда жазгы талаа иштери 90,4 пайызга аткарылды. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, облус боюнча 5 миң 7 гектарга күздүк дан эгиндери себилген.

Жазгы кылкандуу дан эгиндери жалпысынан 2 миң 641 гектарга эгилип, 107,4% түздү. Анын ичинен буудай 7 миң 780 гектарга эгилип, 108,4%, арпа 12 миң 863 гектарга эгилип, 106,8% аткарылды.

Картошка 1 миң 938 гектарга эгилип, 81,2% түздү. Жашылча 2 миң 514 гектарга эгилип, план 75,4% аткарылды. Интенсивдүу багбанчылыкты өнүктүрүү максатында 300 гектарга интенсивдүү көчөттөр отургузулган.

Учурда бардык сугат каналдарына суу берилген.

Пикир

Оставить комментарий