• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда жазгы талаа иштери аяктоодо

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Баткен облусунда быйылкы жылдын жазы үчүн 48 миң 794 гектар жер айдоо иштери пландаштырылган болсо, учурда 35,894 гектар жер айдалды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, айдоо жерлеринин 19 миң 220 гектарына кылкандуу дан эгиндерин себүү пландаштырылып, анын 19 миң 46 гектарына үрөн себилди. Натыйжада жумуш 99,1% аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине 4757 гектарга көп айдалды. Буудай план боюнча 7 миң175 гектарга себилип, 96%, арпа 12 миң 46 гектарга 99,8% себилип бүттү. Картошка учурда 1 миң 124 гектарга, жашылча 676 гектарга эгилди.

Баткен облусуна жаз эрте келгендиктен, өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганга чейин, кылкандуу дан эгиндерин себүү иштерин көпчүлүгү аткарылган. Талаа жумуштары карантиндин эрежелерин сактоо менен аткарылууда. Учурда үрөн, техника, күйүүчү майга болгон муктаждык жок. Санитардык карантиндик көзөмөл постторунан үрөн, күйүүчү май ташыган унаалар тоскоолдуксуз, дезинфекцияланып, өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий