• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунда жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Баткен облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 8-апрелде болжол менен саат 02:26да катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен районунун Рават айылында 3 баллга, Ак-Татыр, Үч-Дөбө айылдарында жана Лейлек районунун Лейлек айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий