• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда жети айда өспүрүмдөргө карата кылмыштар боюнча 38 кылмыш жана 63 жорук катталган

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы бүгүн облус аймагындагы ички иштер органдарынын жер-жерлерде аткарган иштерин талкуулаган жыйын болду.

Облустук милициядан билдиришкендей, жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, облус аймагындагы район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана алардын орун басарлары катышты.

Баткен облустук милициясынын башчысы Мурат Боронов ыкчам кеңешмеде жер-жерлердеги милиция кызматкерлеринин коопсуздукту сактоодо ИИОнун ишмердүүлүгүн, иш-кагаздарынын аткарылышын талкуулап, кетирилген кемчилдиктер боюнча катуу тапшырмаларды койду.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ачылбай калган кылмыштардын ачылышын, облус аймагындагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча ЖККК кызматкерлери иштерди жандандырууну, калк арасында жеңилдиктерди жаратуу, ошондой эле аларга шарт түзүп берүү максатында Баткен облусундагы Кадамжай, Баткен, Лейлек райондук ички иштер бөлүмдөрү жана Баткен, Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмдөрүндөгү милициянын көчмө кабылдамасынын түзүлгөн графиктин негизинде алыскы аймактарга барып эл менен жолугушууларын күчөтүүнү белгилеп, 7 ай ичинде аткарган иштерин укту.

Ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы боюнча иштин натыйжалуулугу талкууланды. Өз милдетин так аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жазаларды берди.

2021-жылдын 7 ай аралыгында жаш өспүрүмдөргө карата кылмыштар боюнча 38 кылмыш жана 63 жорук катталган. Мындан ары кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу максатында жаңы окуу жылына карата жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун сактоодо профилактикалык иштерди күчөтүүнү, жаш өспүрүмдөргө карата жана жаш өспүрүмдөр тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу багытында рейддик иш-чараларды уюштуруу баса белгиленип, тийиштүү тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий