• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, 28-ноябрда эртең менен саат 8:00дө шайлоо өнөктүгү башталды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө токтотулат.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, учурда облустун бардык аймагындагы шайлоо тилкелеринде жарандар добуш берүүгө катышууда.

Облуста шайлоочулардын жалпы саны бир мандаттуу шайлоо округу боюнча 305 136, ал эми бирдиктүү шайлоо округу боюнча 306 062ни түздү. Ошондой эле 218 шайлоо участкасы ачылып, иштеп баштады.

Белгилей кетсек, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шайлоо участкаларында санитардык нормаларды сактоо үчүн коргонуучу каражаттар жана дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган.

Жалпысынан коомдук коопсуздукту камсыз кылууга облус боюнча 436 милиция кызматкерлери тартылды. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардан элдик кошуундар уюштурулду.

Шайлоо участкаларын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында электр генераторлору менен камсыздалып, жылуулук менен камсыз кылуу үчүн шарттар түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий