• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунда жыл башынан бери 48 жаңы ишкана ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.07.19. /Кабар/. Баткен облусунда 2019-жылдын биринчи жарымын жылдыгында 48 жаңы ишкана ачылды, - деп билдирет өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган облустук коллегия болуп, анда бардык тармактар боюнча жетишилген ийгиликтер ошол эле учурда кемчиликтер белгиленип, алдыда аткарылуучу иш пландар талкууланган.

Облуста 2019-жылдын январь-июнь айында өнөр-жай ишканалары тарабынан 1359,1 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 122,5 % түздү.

Айыл-чарба продукциясынын дүң чыгарылышы 4266,4 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,5 % түздү.

2019-жылдын 6 ай ичинде 2335 жумушчу орун түзүлдү же былтыркы жылга салыштырганда 75.5 пайызды түздү.Анын ичинен 378 жумушчу орун, жаңыдан ачылган киреше алып келүүчү 48 ишкананын эсебинен түзүлдү. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу облуста 5 ишканага көп ачылды.

6-айдын жыйынтыгы менен Баткен облусунда 537,9 млн. сом салык төлөмдөрү жыйналып, жыйымдарды жыйноо 101,9 % аткарылды, же болбосо планга салыштырмалуу 10,4 млн. сомго көп чогултулган.

Баткен областынын аймактарындагы 202 айылдын ичинен 122 айылга интернет байланышы жеткирилди.

Ал эми 141 мектептин ичинен 116 мектеп интернет тармагына кошулду.

Коллегиянын жүрүшүндө ыйгарым укуктуу өкүл жарым жылдын жыйынтыгы менен район шаарлардын көрсөткүчтөрун эске алып, аким мэрлерге бир катар тапшырмаларды койду.

Алар;

- Кадамжай районунда медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, билим сапатына көңүл буруу,

- Баткен районунда жакырчылыкты кыскартуу,айыл аймактардын жергиликтүү бюджетин максаттуу жана эффективдүү пайдалануу,

-Лейлек районунда энелердин жана балдардын өлүмү боюнча маалыматтарды тактоо,

-Кызыл-Кыя шаарынын тазалыгын сактоо, салык топтоо боюнча белгиленген планды аткаруу,

-Баткен шаарында эс алуучу парктарды оңдоо боюнча каражат бөлүү,шаардын тазалыгын камсыз кылуу болду.

Ошондой эле коллегиянын чечими менен алдыда айыл чарба продукциясынын түшүмдүүлүгүн арттыруу, токой чарба тармагынын жетекчилерин ратациялоону кароо, тиешелүү үй-бүлөлүк медициналык дарыгерлер борборлорунун ишиндеги кемчиликтерди четтетүү боюнча чара көрүү, Баткен облусунда миграция кызматынын өкүлчүлүгүн ачуу, Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы санариптештирүү аракеттерин башка аймактарга да жайылтуу жаатында иш аракеттерди көрүү керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий