• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунда зыянкеч чегирткелерди жок кылуу аракеттери көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Баткен облусунун тоолуу аймактарында, талааларда пайда болгон Марокко чегирткесин жок кылуу аракеттери көрүлүп, эгин талааларды сактап калууга мүмкүн болду.

Бүгүнкү күнгө облуста 4 миң 600 гектар жер аянты дарылоодон өткөрүлдү, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

Баткен районунун Ак-Татыр, Кадамжай районунун Майдан, Марказ, Масалиев жана Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду, Бешкент айыл өкмөттөрүнүн аймагында Марокко чегирткеси чыккандыгы жана ыкчам түрдө жок кылуу боюнча Баткен регионалдык химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмү тарабынан атайын техникалар жана адистер тартылып, жок кылуу аракеттери көрүлдү.

Учурда адистер дагы башка аймактарда зыянкечтердин пайда болуу коркунучун алдын алуу боюнча изилдөөлөрүн жүргүзүп, дарылоо иштерин улантууда.

Пикир

Оставить комментарий