• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусундагы “Айгүл-Тоонун” этегине 500 жаңгак көчөтү отургузулду

Аймак 0

Ош, 18-апрель /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Баткен облусундагы “Айгүл-Тоо” тоосунун этегине 500 жаңгак көчөтү отургузулду. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Баткен облусундагы өкмөттүн өкүлү жарыяланган үч айлыктын алкагында тоо этегине жаңгак көчөттөрүн отургузууга катышты.

Ошондой эле, өкмөттүн өкүлү тиешелүү жетекчилерге тамчылатып сугарууну киргизүүнү жана ботаникалык бакчанын санитардык түйүн маселесин чечүүнү тапшырды.

Тоонун жалпы аянты 253 гектар, анын ичинен 20 гектарында ботаникалык бакча жайгашкан.

Мындан тышкары, Төрт-Гүл аймагында 500 өрүк, 200 кайың жана 1000 жаңгак көчөттөрү отургузулду.

Пикир

Оставить комментарий