• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды

Өкмөт 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилендей, 2020-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары учурунда жергиликтүү эл тарабынан калктын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу турак жай салууга жер тилкесин бөлүп берүү боюнча суроолорду беришкен.

Анын негизинде Баткен облусундагы айрым жер тилкелери трансформацияланды. Белгилей кетүүчү жагдай, бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жаткан.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кол койгон токтомго ылайык, Баткен районундагы Суу-Башы айыл аймагындагы 151,1 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.

Өкмөт башчынын башка чечими менен Баткен районундагы Дара айыл аймагындагы 148,6 гектар жер жеке турак жайларды куруу үчүн «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулду.

Ошондой эле Премьер-министр Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагында жайгашкан 300 гектар жерди трансформациялоо боюнча токтомго кол койду.

Бул чечимдер жергиликтүү элдин социалдык маселелерин чечүү максатында кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий