• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенде энергетика объектилерин калыбына келтирүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Энергетиктер кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда бузулган электр тармактарынын инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүүнү улантууда. Бул тууралуу «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, тажик аскерлеринин аткылоосунан улам трансформаторлор жана аба чубалгылары жарактан чыккан. Анын кесепетинен 32 калктуу конуш электр жарыгысыз калган. Анын 26сы Баткен районунда, 6сы Лейлек районунда.

Калыбына келтирүү иштеринен кийин дагы 4 аба чубалгылары өчүк турат. Ошондой эле 0,4 кВ электр тармактарында да бузулуулар бар. Аймактарда толук текшерүү жүргүзүлгөн соң, келтирилген зыяндар дагы такталат.

Оңдоо иштерине: Баткен ПЭСинен 60 адис, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башка филиалдарынан 40тан ашык адистер тартылган. Ыкчам-калыбына келтирүү бригадалары керектүү материалдар, атайын техника, күйүүчү-майлоочу материалдар, жабдуулар, запастык бөлүктөр менен жабдылган.

Калыбына келтирүү иштери башталгандан бери жалпысынан 9831 абонент кайрадан электр энергиясына туташтырылды. Алардын 6910 Баткен РЭСинин, 2921 Лейлек РЭСинин абоненттери.

Баткен облусунун бардык электр тармактарында нөөмөт күчөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий