• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусундагы эпидемиологиялык абал координациялык кеңешмеде каралды

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Баткен облусундагы эпидемиологиялык абал координациялык кеңешмеде каралды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкүл Алишер Абдрахманов облустун күч түзүмдөрүнүн, саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери жана район, шаар башчылары менен координациялык кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде облустагы эпидемиологиялык абал талкууланып, кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө бөгөт коюу боюнча маселелер ортого салынды.

Ыйгарым укуктуу өкүл, облуста эпидемиологиялык абал оор болуп жатканын белгилеп, оорунун мындан ары жайылбашы үчүн, район, шаар башчыларына, укук коргоо органдарына, биринчи кезекте элдин бир бири менен байланышын азайтуу максатында кабыл алынган, облустук штабдын чечимдерин аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү, оору тастыкталган жарандар менен байланышта болгондорго эпидемиологиялык изилдөө жүргүзүү менен, аларды обсервацияга алуу негизги талап экенин эскертти.

Тагыраагы облустар, райондук, шаардык каттамдарды чектөө, коомдук тамактануучу жайларды жабуу, той-аш жана суук мааракелерге тыюу салуу,базарлардын ишин катуу көзөмөлгө алууну, эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн жетиштүү шарт түзүү, дары-дармектер менен камсыздоо, дарыканалардагы дарылардын баасын негизсиз жогорулатпоонун үстүндө тынымсыз иш алып баруу тапшырмасын койду.

Ошол эле учурда район шаарлар, эпидемиологиялык абалга ылайык, жаралган муктаждыктарды чечүүдө бир бирине кол кабыш кылууга чакырды.

Белгилей кетсек, 17-июлга карата облуста кооптуу илдетти жугузган жарандардын саны 513 жаранды түздү. Жалпы 112 жарандан пневмония аныкталган. Бүгүнкү күнгө чейин 10 жаран коронавирустан, 5 жаран пневмониядан каза болду.

Пикир

Оставить комментарий