• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусундагы геопарктын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Баткен облусундагы геопарктын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Туризм департаменти 2020-жылдын 18-28-февралына чейин Баткен облусундагы геопарктын логотибин иштеп чыгууга сынак жарыялады.

Сынактын максаты: Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы геопарк логотибин иштеп чыгуу.

Сынактык билдирмелер 2020-жылдын 2-мартында сынактык комиссия тарабынан каралат.

Жеңүүчү Canon EOS 77 DKiT 18-55 ISSTIM үлгүсүндөгү фотоаппаратка ээ болот.

Сынактын жобосу, эмгектерге техникалык талаптар жана билдирменин формасы.

Пикир

Оставить комментарий