• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусундагы ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Коронавирус оорусуна байланыштуу Баткен облусундагы ири базарлар бүгүндөн тарта жабылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарындагы борбордук базар, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Самаркандек айылындагы Самаркандек базары, Баткен районунун Кара-Бак айылындагы Кара-Бак базары, Кадамжай районундагы Халмион базарлары сыяктуу облустун аймагындагы район, шаарлардагы ири базарлар жабылат.

"Бул боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүгүн, 18-мартта калктын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн жер-жерлердеги ири азык-түлүк, кийим-кече жана мал базарларын, унаа базарларын жабуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, күнүмдүк соода түйүндөрү, кичи базарлар иштей берет.

Пикир

Оставить комментарий