• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусундагы Исфана шаары Раззаков шаары деп аталат

Аймак 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. «Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Министрлер Кабинетинин жыйналышында.

Мамлекет башчысы жыйында сүйлөп жатып, 2021-жылы Баткен окуялары боюнча теманы козгоду. Ал чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чек аранын юридикалык тариздөөнүн аяктабагандыгы, айрым участкалар боюнча сүйлөшүү процессиндеги татаалдыктар, Кыргызстанга стратегиялык транспорттук инфраструктуранын коңшу өлкөлөрдүн аймактары аркылуу өтүшү — республиканын аймактык бүтүндүгүнө тикелей коркунуч болуп жатканын белгиледи.

«Быйыл биз кыргыз-тажик чек арасында болгон окуялардын кесепетинен жабыркаган Баткен облусун:

  • 3 айдын ичинде калыбына келтирдик.
  • Баткенге биринчи жолу стратегиялык чек катары мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулду.
  • Облуска өзгөчө статус берилди.
  • Өнүктүрүү программасы кабыл алынды. 500 млн сомду жыл сайын бөлүп туруу чечимин кабыл алдык.

Баткен боюнча көп иштерди аткардык», — деди ал.

Мамлекет башчысы өткөн жылы президенттик шайлоого аттанганда биринчи үгүт иши Раззаковдун жери — Баткенден баштаганын эске салды.

«Быйыл Раззаковдун 110 жылдыгынын урматына Исфана шаарын Раззаков шаары деп атоо боюнча чечимимди кабыл алдым», — деп сөзүн жыйынтыктады Садыр Жапаров

Пикир

Оставить комментарий