• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусундагы ишкерлер сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрда, Ишкерлер күнүнө карата Баткен облусундагы ишкерлер сыйланды. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев Баткендеги ишкерлерди жана "JIA" бизнес ассоциациясынын ишкер мүчөлөрүн Ишкерлер күнү менен КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атынан жана жеке өзүнүн атынан куттуктады.

Мындан сырткары, облустун социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө жана жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда кошкон зор салымдары үчүн бир катар ишкерлерге облус башчысынын Ардак грамоталарын жана Алкыш баракчаларын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий