• 82
  • 84.48
  • 1.35

Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат

608 кароо Өкмөт 0

Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечим министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды.

Бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталган.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объекттерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий