• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусундагы Саңги-Бала тоосунда чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Баткен облусундагы Саңги-Бала тоосунда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-сентябрда саат 06:30да Баткен облусунун Кадамжай районунун Кайзерабад тилкесиндеги Саңги-Бала тоосунун боорундагы куураган чөптөн чыккан өрттү өчүрүү иш-чарасына жалпысынан 135 адам тартылган.

Өрт саат 08:25те чектөөгө алынып, саат 08:45те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжолдуу 5 га жакын куураган чөп күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий