• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусундагы Самаркандек – Мадиген – Даркум автожолун куруу иши башталды

Өкмөт 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында Баткен облусундагы Самаркандек - Мадиген – Даркум автожолун куруу иши башталды. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Бүгүнкү күндөн тарта Маргун айылынан Даркум айылына жолду профилдөө иши башталды, андан ары Самаркандек - Даркум жолу боюнча иш жүргүзүлөт.

Самаркандек - Мадиген – Даркум автожолунун узундугу 44,1 км түзөт.

2012-2017-жылдары бул автожолдо жол куруу иштери жүргүзүлүп, транспорт каражаттарынын жүрүүсү камсыздалган. Бирок жол куруу иштери толугу менен жыйынтыкталган эмес жана автожолдун көпчүлүк тилкеси ремонттолушу керек.

Мындан тышкары, узундугу 10,1 км эсептелген Кулунду - Максат - Арка (айрым жерлерде) автожолун асфальт бетон менен жабуу үчүн инерттик материалдарды даярдоо, жол битумун жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алуу боюнча даярдык иштери башталды.

Маалымдама: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-майындагы №114-б буйругу менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы акыркы окуялардын натыйжасында жабыркаган Баткен облусундагы социалдык жана чарбалык багыттагы талкаланган объектилерди калыбына келтирүү үчүн 500,0 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий