• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусундагы согуштун ардагерлери КР жана РФнын мааракелик медалдары менен сыйланды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Баткен шаарынын мэри Мамыржан Рахимовдор шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкүл Абдрахманов ардагерлерге Кыргыз Республикасынын президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы жана Россия Федерациясынын президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалдарын тапшырды. Бул сыйлык облустагы бардык 10 УАМ согуштун ардагерине жана 279 ооруктун ардагерине тапшырылган.

Андан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерге резервдик фондунан 10 миң сом, шаар мэри 100 миң сомдон тапшырган.

Бурканов Садык 18 жашында согушка аттанып,согуштан кийинки калыбына келтирүү жумуштарына да катышып, 7 жылдан соң, 1950-жылы гана мекенине кайткан. Улуу Жеңишти Сталинградда тоскон. Учурда 94 жашта.

Ал эми 101 жаштагы Рахматов Ашир согушта эки ирет оор жараат алганына карабай, мекен үчүн күрөшкөн. Ал Сталинград салгылашуусуна катышкан. Согуштан кийин агартуу тармагында иштеп, элдин сабаттуулугун арттырууга зор салым кошкон.

Белгилей кетсек, буга чейин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына мамлекет тарабынан УАМ согуштун ардагерлерине 75 миң сомдон, ал эми ооруктун ардагерлерине 15 миң сомдон тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий