• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусундагы Төрткүл суу сактагычы боюнча түшүндүрмө

Өкмөт 0

Бишкек, 04.02.21./Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Мариповдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы жыйынында Төрткүл суу сактагычы тууралуу билдирүүсүнө тийиштүү өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

Төрткүл суу сактагычынын көлөмү 90 млн кубду түзөт, ал Баткен облусунун аймагында 1972-жылы курулган.

Бүгүнкү күндө Төрткүл суу сактагычы Баткен районундагы жана Баткен шаарындагы 11 миң га ашуун айдоо жерин сугат суу менен камсыздайт. Аталган суу сактагыч Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык мааниге ээ.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов 1991-жылдын 16-майында кол коюлган келишим боюнча суу ресурстарын бөлүштүрүү көйгөйүн билдирген. Бүгүнкү күндө аталган келишим боюнча тараптардын айрым пикир келишпестиги орун алган жана бул маселе Өкмөт башчы тараптан эске салынган.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү тарабынан аталган маселени мыйзам алкагында жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылууда.

Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, Төрткүл суу сактагычы жана ага кошулган каналдар Кыргыз Республикасына тийиштүү. Республиканын аймактык биримдигин сактоо жана мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги мамлекетибиздин негизги принциптери болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий