• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусундагы зыяратчылардын алгачкы тобу Мединага 22-июлда учуп кетишет

Коом 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Баткен облусунан ажыга бара турган зыяратчылардын алгачкы тобу Медина шаарына 22-июлда учуп кетишет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунан ажылык сапарга бара турган жарандардын алгачкы тобу 22-июль күнү саат 13:10дө "Ош" эл аралык аба майданынан учуп кетишет. Зыяратчыларды Сауд Арабиянын "Flynas" авиакомпаниясы ташыйт.

"Алгачкы топто 150 жаран жана аларды коштогон ажы башчылар учуп кетишет. Болочок ажыларга окуу сабактары өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Муфтияттан билдиришкендей, коопсуздук маселеси эске алынып, Баткенден Ош шаарына чейинки каттам үчүн атайын кичи автобус уюштурулат.

Быйыл Баткен облусунан ажыга барууга 485 жаран жолдомо алган.

Белгилей кетсек, бул жылы Сауд Арабия Кыргызстанга 5 миң 510 орун берген.

Пикир

Оставить комментарий