• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусунун 6 прокурору ээлеген кызматтарынан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Баткен облусунун 6 прокурору ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын ыкчам-издөө ишмердүүлүгүн жана тергөөнү тескөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Прокурор учурда ошол күнү мергенчиликке чыгып кеткен Баткен облусунун прокурорлорунун кызматтык иликтөөсү аяктагандыгын белгиледи.

“Прокурордук кызматкердин этикасын одоно бузгандыгы, мергенчиликке чыгып, спирт ичимдигин ичкендиги, мергенчиликтин эрежелерин, ок атуучу куралды сактоо тартибин бузгандыгы, Калыковду мас абалында автотранспортту башкарууга жол бергендиги үчүн Баткен облусунун прокурорунун 2 орун басары, облустун прокуратура бөлүмүнүн эки башчысы, Баткен районунун прокурору жана анын орун басары ээлеген кызматынан бошотулду”, - деди ал.

Эске салсак, облустун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган. Анын өлүмүнө шектелип капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган.

20-ноябрда соттун чечими менен ал СИЗОго 2 айга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий