• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында ККМны орнотуу жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында контролдук-кассалык машиналарын (ККМ) орнотуу жана колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ККМди орнотууну активдештирүү максатында атайын ыкчам штаб түзүлүп, жер-жерлерде тиешелүү кызматтар тарабынан ишкердик жүргүзгөн субъектилер арасында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ККМ менен иштөөнүн артыкчылыктарынын катарына ак ниет салык төлөөчүлөр үчүн сезилерлик жеңилдиктер, ачык-айкын фискалдык система, жагымдуу атаандаштык чөйрө, салыктык контролдун ар кандай түрлөрүн кыскартуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо кирет.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында ККМдин эки – аппараттык жана программалык модели колдонулат.

Аппараттык ККМ – дисплейи бар кадимки кассалык аппарат.

Программалык ККМ – бул компьютерге, планшетке же смартфонго орнотула турган жана кассалык чектин электрондук форматын түзүү жана жөнөтүү функциясы бар программалык продукт же тиркеме. Программаны бекер жүктөп алып, керектөөчүлөргө чек берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди сатып алуу жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий