• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусунда марттан тарта 3,6 млн погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланган

Аймак 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 1-сентябрга чейинки аралыкта Баткен облусунун аймагында 306 551 м2 имараттын ичи, 1 млн 340 411м2 имараттын сырты жана 3 млн 673 миң 689 погондук метр автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 2296 кг хлор, 5914 литр суюк хлор жана 823 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Залалсыздандыруу иштери коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде аткрылууда.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий