• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунун аймагында кырдаал туруктуу – ИИМ

Аймак 0

Бишкек, 04.05.21. /Кабар/. 4-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Бул аралыкта чек арага чектеш аймактарда түнкүсүн ок атышуулар менен башка окуялар катталган жок. Чек арага жакын айылдардагы коопсуздукту милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте көзөмөлдөшүүдө.

Андан сырткары, Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда бардык өрттөнгөн коомдук жайлар, ишканалар, имараттар, айрыкча жергиликтүү тургундардын талкаланган үйлөрү, уурдалган буюм тайымдар эсептелип такталууда. Келтирилген бардык чыгымдарды эсептөө жана иликтөө иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында учурда аталган райондордо 47 ыкчам тергөө тобу иштеп жатат. Айрыкча Максат, Кулунду, Интернационал, Арка-1, Арка-2, Жаштык айылдарындагы жана жалпы эле чек ара тилкелеринде жайгашкан айылдардагы ар бир келтирилген чыгымдар боюнча тергөө иштери кызуу жүрүүдө.

Баткен облусундагы жабыркаган, талкаланган, уурдалган, зыян тарткан бардык фактыларды адилет, так, ыкчам жана мыйзам чегинде тергөө, аныктоо иштерин жүргүзүүнү министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков көзөмөлдөп жатат.

“Тергөө топторуна жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, энергетика министрлигинин, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү дагы кирген. Чек ара тилкелеринде милициянын атайын кайгуул топтору күнү-түнү күчөтүлгөн режимде казмат өтөп, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун ыктыярдуу элдик кошуундун мүчөлөрү менен биргеликте камсыздашууда”, - деди Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий