• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан дезинфекциялоо иштери улантылууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 17-июнда Баткен облусунун аймагында тактап айтканда, Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын Марказ айылындагы А.Орозбеков, Айдаров көчөлөрүнүн жалпы 7000 погондук метр унаа жолдоруна хлор аралашмасы чачылды.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери автоунаа жүрүүчү жолдордо, жарандар көп бара турган объектилерде, азык-түлүк сатуучу дүкөндөрдө, банктарда, базарларда жана дарыканаларда жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-чара ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында күн сайын аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий