• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 16.06.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында коронавирус илдетин алдын алуу максатында, КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын шаар, райондук бөлүмдөрү тарабынан залалсыздандыруу иш-чаралар уланууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Орозбек Пазылов билдирди.

“2020-жылдын 18-мартынан​ тарта бүгүнкү күнгө чейин 284 839 м2 имараттын ичи,​ 1 036 099 м2 имараттын сырты, 2 789 061 погондук метр унаа жолдор залалсыздандырылып, иш-чарага 2 141 кг хлор, 3 289 литр суюк хлору, 822 хлор таблеткасы сарпталган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, мисалы азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий