• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткен облусунун аймагында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.05.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Баткен облусунун аймактары залалсыздандырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн Баткен шаардык, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя шаардык Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнүн куткаруучулары тарабынан колдо чачуучу каражаттар менен райондогу айыл жергесинде жайгашкан соода түйүндөр, азык-түлүк дүкөндөр, дүң соода базарлары, дарыканалар, жөө адамдар басуучу жолдор жана башка эл көп чогулган аймактарга хлор аралашмасы чапчылды.

Баткен районунун Самаркандек айылына караштуу Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Үч-Дөбө айылдарында залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү. Кызыл-Кыя шаарынын Дыйкан базарынын айланасындагы банктар, аялдамалар, соода түйүндөрү жолдор дезинфекцияланды.

Жалпы облус аймагында 6 700 погондук метр унаа жолдорго, жерлерге суу хлор аралашмалары чачылган. Дезинфекциялоо жана үгүттөө иш-чарларга жалпы 5 кызматкер, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа тартылды. Облус боюнча жалпы 48 литр суюк хлор сарпталды.

Залалсыздандыруу иш-аракеттери КР ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий