• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун аймагында жалпы 2 млн 773 миң погондук метр унаа жолдор заласыздандырылды

Аймак 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Баткен облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 18-мартынан 8-июнуна чейинки аралыкта Баткен облусунун аймагында 281 817 чарчы метр имараттын ичи, 1 млн 20 миң чарчы метр имараттын сырты жана 2 млн 773 миң погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 2141 кг хлор, 3246 литр суюк хлор жана 820 даана хлор таблеткасы колдонулган.

Эскерте кетсек, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерде, тагыраак айтсак, азык-түлүк дүкөндөрүндө, банктарда, базарларда, дарыканаларда жана автоунаа жүрүүчү жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий