• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткен облусунун аймагында жазгы талаа иштерине даярдыктар көрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.02.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаевдин буйругунун алкагында жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн 2022-жылы жазгы талаа жумуштарын жана жазгы себүүнү өз убагында уюштуруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, облустун азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, ошондой эле облустун аймагында жазгы талаа иштери боюнча каналдар жана ички арыктарды тазалоо иштери да жүрүп жатат.

Мындан сырткары, жер-жерлерде 2022-жылдын жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйындар өткөрүлүүдө.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын вегетация мезгилине даярдыктарды көрүү максатында республикалык бюджеттен 20,77 млн сом, а.и. Баткен райондук суу чарба башкармалыгына 10,4 млн сом, Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгына 2 млн сом, Лейлек райондук суу чарба башкармалыгына 8,4 млн сом бөлүнүп, тендерлер өткөрүлүп, оңдоо-түзөө жумуштары жүрүүдө.

Бүгүнкү күнгө жалпы 1,7 чакырым канал, 43,2 км механикалык жол менен тазаланып, 17 даана ГТС, 8 даана агрегат, 5 даана суу насостору ремонттон өткөрүлүп аларга 6,1 млн сом акча каражаты жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий