• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.20. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 1-сентябрда саат 19:34тө Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5-4 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен районунун Ак-Татыр айылында 4 балл, Үч-Дөбө, Рават жана Самаркандек айылдарында 3,5 балл, Лейлек районунун Кара-Суу айылында 3 балл, Баткен шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий