• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен облусунун аймагындагы авариялык абалдагы социалдык обьекттер көзөмөлгө алынды

Аймак 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагындагы авариялык абалдагы социалдык обьекттердин абалы көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин ЖМКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын облус жетекчилиги көзөмөлүнө алды.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү аталган имаратты капиталдык ондоп-түзөөдөн өткөрүү же кайра курууну өкмөттүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунушун даярдоодо.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык, бардык район-шаарлардын аймагындагы саламаттык сактоо, билим берүү жана башка бардык социалдык обьекттердин абалын тактоо, өкмөткө сунуштоо жана кошумча каржы булактарын табуу иш-чаралары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен облуста 12 социалдык обьекттин капиталдык курулушу, 4 обьекттин капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий