• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: Өкүлчүлүктүн атайын эсебине 82 млн 604 миң сом топтолду

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. 29-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалдан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын эсебине, бүгүн 18-апрелге карата 82млн 604 миң 500 сом каражат топтолду. Бул тууралуу КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Топтолгон каражат куралдуу жаңжалдан жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө жана жабыркаган элдин зарыл болгон муктаждыктарын чечүүгө жумшалат.

Облустук өкүлчүлүктүн атайын эсебине Кыргызстандын бардык облустары, район-шаар, айыл аймактар, ири өндүрүш ишканалары, курулуш компаниялары, коомдук уюмдар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле өлкө аймагындагы жүздөгөн мекеме иш каналар бир күндүк маяналарын которушса, катардагы жарандар, жеке ишкерлер да четте карап турган жок.

Пикир

Оставить комментарий