• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча планы иштелип чыкты

Аймак 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Баткен облусунун азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча планы иштелип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы аялдардын жана балдардын тамактануу абалына байланыштуу, тамактануу жана азык-түлүк коопсуздугу жаатында жалпы аракеттерди координациялоону өркүндөтүүгө багытталган тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага облус башчысынын орун басары Чынар Саттарова, Саламаттык сактоо министрлигинин бөлүм башчысы Айнура Акматова жана ЮСАИД уюмунун, ошондой эле бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен саламаттык сактоо кызматкерлери, жарандык активисттер катышты.

Келечектеги акыл-эстүү, ден соолугу чың муундун өсүп чоңоюшу түздөн-түз толук баалуу тамактануу менен байланыштуу. Бирок адистер Баткен облусундагы 10 баланын бири гана жетиштүү тамактанарын белгилешет. Ошондуктан бул багытта комплексттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруу аракеттери башталды. Анткени жетишсиз жана туура эмес тамактануу, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ар кандай узак мөөнөттүү кесепеттерге алып келери баарыбызга белгилүү.

Мындан улам жетиштүү тамактануу жана тамак-аш коопсуздугу боюнча облустун планы талкууга алынып, анын артыкчылыктары жана эфективдүүлүгү белгиленип, аны ийгиликтүү ишке ашыруу жагы, алдыга милдет катары коюлду.

Негизги максат - жетишсиз тамактануу тобокелинде болгон жаш жана наристе балдарга, алардын камкорчулары жана репродуктивдүү курактагы аялдарга багытталат. Ошондой эле калк арасында көптөгөн өнөкөт оорулардын алдын алуу болуп саналат.

Алдыда бул иш-аракеттер мамлекеттин натыйжалуу, комплекстүү жана туруктуу азыктануу программаларына ылайык, аймактагы бардык тийиштүү органдар менен биргеликте ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий