• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун Бак айылынын эли таза суу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Бак айылына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-январда таза суу обьектисинин ачылышы болуп, ага Баткен облусунун башчысы Жаныбек Жалалов катышып, айыл элин бул жакшы саамалык менен куттуктап, элибиздин саламаттыгы жана бакубат жашоосу үчүн зор мааниге ээ болгон ичүүчү суу менен камсыз кылуу, мамлекетибиздин эң негизги багыттарынын бири экенин белгиледи.

Таза суу долбоорун ишке ашырууга, “Абийир” коомдук кайрымдуулук фонду 350 миң сом каржылык колдоо көрсөткөн.

Ал эми Майдан айыл өкмөтү суу чыгаруу үчүн зарыл болгон трансформатор, 12 жогорку чыңалуудагы мамычаларды, электр зымдарын сатып алуу үчүн, жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат бөлгөн.

Айыл эли 1000 л суу кампасынын курулуш иштерин колго алышкан.

Учурда таза сууну ар бир көчөгө, турак үйлөргө тартуу иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий