• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Баткен облусунун бардык саламаттыкты сактоо уюмдары күчөтүлгөн режимге өттү. Бул тууралуу КР президентинин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10 тез медициналык жардам бригадасы, кан жана компоненттер даярдалган.

Баткен облустук бириккен ооруканасына Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан хирург, реанимация адиси жана травматологдон турган дарыгерлер тобу жана Кызыл-Кыя шаардык жалпы дарыгерлер практика борборунан дагы бир бригада келди.

Ошондой эле Ош облусунан да дарыгерлерден турган эки бригада келе жатат.

Белгилей кетсек, 27-январь, саат 22:18де экинчи ирет УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскер күчтөрүнүн командачысы Раджабали Рахмоналинин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой жатканын билдирип, мындан тышкары, чек арага оор аскер техникаларды жана өздүк курамды тартууну улантып жатканын белгиледи.

Саат 23:00гө карата Тажикстандын аскер кызматкерлери Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин позицияларына маал-маалы менен ок атууну улантууда.

Эки-Таш, Кум-Базар, Чыр-Дөбө жерликтеринде атышуулар уланууда.

Тажик тарап Кыргызстандын Ички аскерлеринин кызматкерлери жайгашкан жерди миномёт менен атып, ошондой эле Көчө-Бою жерлигиндеги Кыргызстандын жаранынын үйүн аткылаган, анын натыйжасында үй күйүп кетти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан Кыргызстандын төрт аскер кызматкери жабыркады. Жабыркаган аскер кызматкерлерин эки тез жардам кызматы Көк-Таш айылынан облустук бириктирилген ооруканасына алып кеткени айтылат. Аскер кызматкерлери сынактардан жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий