• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы, “Ак-Суу” дарыясында жайгашкан, мамлекеттик стратегиялык мааниге ээ болгон, “Головной” башкы суу бөлүштүрүүчү жайынын абалынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл Алимбаев Көк-Терек айылында да болду. 85 жаран жашаган аталган айылда 29-апрелде болгон окуяда 17 үй толугу менен өрттөнгөн.

Абдикарим Алимбаев андан ары Көк-Таш айылынын жергиликтүү тургундары менен жолукту. Облус башчысы биринчи кезекте облустагы түзүлгөн кырдаалды толук турукташтыруунун үстүндө иш алып барыларын, чек ара аймактарында коомдук коопсуздукту камсыздоого өзгөчө маани берилерин белгиледи.

Ошондой эле жабыр тарткан жергиликтүү тургундарга мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөрүн, жараксыз абалга келген социалдык обьекттер жана турак үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталарын билдирди.

Эскерте кетсек, 28-апрелде "Головной" башкы суу бөлүштүрүүчү жайына тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп, андан улам нааразычылыктар пайда болуп, куралдуу кагылышуулар мына ушул жерден тутанган. Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 адам жабыркап, 36 киши набыт болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Баткен облусун аймагында жалпы 136 турак үй жана 84 объект жабыркап, жараксыз абалга келген.

Пикир

Оставить комментарий