• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы: Аймактын өнүгүүсү үчүн кен байлыктарды иштетүү убагы келди

Аймак 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов, облус аймагында кен казуу ишканаларынын абалы жана бул тармактагы салык маселеси тууралуу жыйын өткөрдү.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө Баткен облусунда кендерди иштетүүгө, жергиликтүү жана сырттан келген ишкерлерге 337 лицензия берилген. Анын ичинен кендерди изилдөөгө 46, чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 113, кендерди иштетүүгө 178 лицензия берилген.

Маселен көмүр кендерин иштетүүгө берилген 88 лицензиянын 45 гана натыйжалуу ишмердигин көрсөтө алган.

Мындан улам, ыйгарым укуктуу өкүл, лицензия ээлеринин көпчүлүгү аны туура жана максаттуу пайдаланбай, ээлеп алып ишмердүүлүгүн жүргүзбөй келишет. Алардын материалдык техникалык базасы, айланма каражаты, тоо кен тармагы боюнча билими, тажрыйбасы барбы, жокпу аныктап, лицензиялардын мыйзамдуулугуна, максаттуулугуна мониторинг жүргүзүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Ошондой эле Жалалов жер астындагы кендер, мамлекеттин байлыгы, ар кандай жолдор менен арзыбаган каражатка лицензия алып, миңдеген тонна кен казып алып, бирок кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качкан ишкерлер менен иш алып баруу, көмүскөдө эмес, мыйзамдуу иштөө менен, мамлекетке тийиштүү салыкты өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Өкүл жетекчилерге кайрылып, буга чейин аймакта бир катар инвесторлор кен байлыктарды издөө, чалгындоо жумуштарын жүргүзүп, бирок жергиликтүү эл менен мамиле түзө албай, натыйжада нааразычылыктар жаралып, кооптуу чөйрө түзүлгөнү баарыбызга маалым. Мындан улам аймактын өнүгүүсү, элдин бакубат жашоосу үчүн кен байлыктарды иштетүү убактысы келгенин айтып, бул жаатта алгылыктуу кадамдарды жасоо, лицензия ээлери жана жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, тийиштүү жетекчилерге тапшырды.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын жыйынтыгы менен пайдалуу кендерди казуу менен өнөр жайында продукция өндүрүүнүн көлөмү 821,5 млн сомду, же болбосо областта өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 26,7% түздү.

Пикир

Оставить комментарий