• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Арка айылынын эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 13.04.22. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Арка айылынын эли менен жолукту.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда ыйгарым укуктуу өкүл жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча да маалымат жеткирилди.

Белгилей кетсек, облус башчысы чек ара аймагында окуя катталган аймактарда кырдаалды жөнгө салуу максатында жеринде көзөмөлгө алууда. Бүгүн, 13-апрелде да Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында жергиликтүүлөр менен бирге болот.

Пикир

Оставить комментарий