• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы балдарга президенттин, премьердин белектерин тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 28.12.20. /Кабар/. Буга чейин маалым болгондой, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен, президенттин балдарга арналган жаңы жылдык “Балаты” майрамы 27-декабрда онлайн форматта өттү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун жаңы жылдык белектерин облус башчысы Жаныбек Жалалов белек ээлерине тапшырды.

Ыйгарым укуктуу өкүл балдарды жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, бекем ден соолук жана кең келечек каалады.

Бул күнү Баткен шаарынын тургуну, 2-класстын окуучусу Умарбек Махмураимовго да, КР премьер-министри Артем Новиковдун атынан келген, атайын белек тапшырылды.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүлдүн дарегине жаңы жылдык кат жазган үч окуучуга, өкүл смартфондорду тапшырды.

Белгилей кетсек, Баткен облусунан 49 бала президенттин белегин алды. Жергиликтүү бийлик органдары белектерди балдардын ар биринин дарегине жеткирди.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн атынан, облустагы 110 балага белектер жеткирилген.

Жетекчилердин жаңы жылдык белектери окуунун мыктыларына, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй бүлөлөрдүн балдарына, ата эне камкордугунан ажыраган балдарга жана кызмат учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин балдарына тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий