• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы базар бааларын турукташтыруу маселесин жеке көзөмөлүнө алды

Аймак 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен облусунун аймагында аткезчиликке каршы күрөшүү жана базарларда азык түлүктөрдүн бааларын турукташтыруу маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, облус башчысы эттин, малдын жана башка азык-түлүк продукцияларынын баасын турукташтыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук башкармалыгынын жетекчилигине баанын жогорулоо себептерин аныктоо, анализдөө, соодагерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бааны турукташтыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле базар бааларынын жогорулоосуна себеп катары айтылып жаткан мал жандыктардын, күйүүчү жана майлоочу майлардын, азык-түлүктөрдүн, аткезчилик жолдор менен чек ара аймактарындагы мыйзамсыз жолдор менен коңшу мамлекеттерге ташылып кетүүсүнө жол бербөө максатында чек ара аймактарында көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты.

Чек ара, Бажы кызматтары жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте рейддерди уюштуруп, аткезчилик менен алектенген жана аларга көмөктөшкөн кызматкерлерди аныктоо, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, кызматкерлерге чара көрүү боюнча иш алып баруу тапшырмасы коюлду.

Жыйын соңунда Жаныбек Жалалов жетекчилерге кыска аралыкта көрүлгөн иш аракеттердин жыйынтыгы боюнча маалымат берүүнү милдеттендирди.

Пикир

Оставить комментарий