• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы бир катар ишканалардын санитардык абалын текшерди

Аймак 0

Бишкек, 16.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов 1-майдан жана 11-майдан тарта ишин кайрадан жандандырган бир катар ишканалардын иштөө, эрежелерди сактоо тартибин текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкүл азык-түлүк жана курулуш материалдарын саткан соода түйүндөрүндөгү санитардык талаптар менен таанышып, товарлардын бааларын карап чыккан. Ошондой эле ишкерлер менен баарлашып, жарандарга кызмат көрсөтүүдө санитардык эрежелерди сактоо, бааларды негизсиз көтөрбөө, күн сайын дезинфекциялоо жумуштарын жасап туруу керектигин эскертти.

Ошондой эле шаардагы такси кызматтарынын ишин карап чыгып, кырдаалга байланыштуу, кооптуу илдеттин жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн, мамлекет тарабынан белгиленген тартипти сактоо зарылдыгын айтып, айдоочуларды жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

"Өкүл Абдрахманов күн сайын 11-майдан тарта ишин жандандырган тармактарга тийиштүү органдардан түзүлгөн комиссия рейд жүргүзүп, көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмаларды берген", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий