• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы чек арага чектеш жашаган айыл тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Жаштык айылынын эли менен жолугушуп, биргеликте ыйык Рамазан айынын урматына өткөрүлгөн ооз ачууга катышты.

Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган саамалыкта облус башчысы чек ара аймагынын элинин көйгөйүн жеринде угуп, суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар менен биргеликте Рамазан айында өлкөнүн, анын ичинде Баткен облусунун тынчтыгы, өсүп-өнүгүүсү үчүн дуба кылышты.

Белгилей кетсек, облус башчысы Абдикарим Алимбаев 13-апрелде Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында түнөп, чек ара аймактарындагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алат.

Пикир

Оставить комментарий