• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Баткен облусунун башчысы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

маалыматка ылайык, өкүл Жаныбек Жалалов Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну, бөйрөк оорусу менен жабыркап келген Равшан Назировго майыптык араба жана 15 миң сом акчалай жардам берди.

Ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругуна ылайык, 3-декабрь - Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун аймагында 2020-жылдын 20-ноябрынан 20-декабрына чейин аларга ар тараптуу жардамдарды, колдоолорду көрсөтүүнүн бир айлыгы жарыяланган.

Аталган бир айлыктын алкагында өкүл Жаныбек Жалалов облус аймагындагы Үч-Коргон көмөкчү мектеп интернатына, Баткен шаардык мэриясынын алдындагы “Нур” калыптандыруу борборуна, Самаркандек айылындагы “Үмүт” күндүзгү балдарды калыптандаруу борборуна, Лейлек районунун Исфана шаарындагы “Кулунчак” мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ден соолугун калыптандыруу борборуна, Сүлүктүдөгү жалпы типтеги улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык мекемелерине акчалай жардам көрсөттү.

Облуста ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ар тараптуу жардамдар, колдоолор уланууда.

Бүгүнкү күнгө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 207 үй-бүлөсүнө, ал эми 1 миң 673 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр берилди.

Ошондой эле Баткен шаардык мэриясы 60 миң сом, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы 420 миң сом кышка карата акчалай жардам берген.

Пикир

Оставить комментарий