• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Баткен облусунун башчысы Япониянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 08.12.21. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Шигеки менен жолугушту.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусун ар тараптуу өнүктүрүү жаатында кыргыз-япон кызматташтыгынын маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу кызматташуу боюнча сөз болуп, ыйгарым укуктуу өкүл элчинин жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Ал эми жолугушуудан соң элчи тарабынан Баткен шаардык жана райондук санэпид көзөмөлдөө борборуна лабораториялык жабдыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий