• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткен облусунун башчысы Көк-Терек айылынын эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Көк-Терек айылынын жашоочуларынан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус башчысы менен жолугушууда жергиликтүүлөр социалдык көйгөйлөрү боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.

"Жашоочулар арасында негизинен таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жарандардын паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алууда көйгөйлөр жаралып жатканын айтышты", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Көк-Терек айылындагы жаңы курулган үйлөрдүн жылуулугу, жашоочулардын жашоо шарттары менен да таанышып чыкты. Бүгүнкү күндө Көк-Терек айылынын жашоочулары үчүн жалпы 18 үй салынып берилген.

Мындан сырткары, жолугушуунун жүрүшүндө Тажикстан өлкөсүнөн көчүп чыккан жарандарга КРнын жарандык паспорту тапшырылып, облус башчысы А.Алимбаев этникалык кыргыздарды жарандык алуусу менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий