• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткен облусунун башчысы кол күрөш боюнча өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кол күрөш боюнча өткөрүлгөн өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана машыктыруучу Сапарбай Курбанбековду кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 26-28-март аралыгында Кадамжай шаарында кол күрөш боюнча өлкө биринчилиги өткөн.

Алимбаев мелдеште оң кол боюнча 1-орун, сол кол боюнча 3-орунду алган (14 жашка чейинкилер) Равшан Орунбаев, анын машыктыруучусу Сапарбай Курбанбеков, 18 жашка чейинкилер арасында 3-орунга илинген Чыңгыз Бекболот уулу, оң кол менен 2-орун, сол кол менен күрөшүп 3-орунга татыган Кумар Жунусовду кабыл алды.

Жолугушууда облус жетекчиси балбандарды жеңиштери менен куттуктап, мындан ары да спорт жаатында ийгиликтерди каалап, аталган тармакка өзгөчө көңүл буруларын белгиледи.

Белгилей кетсек, Равшан Орунбаев учурда 23-30-апрель күндөрү Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган Азия биринчилигине даярданууда.

Пикир

Оставить комментарий