• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Баткен облусунун башчысы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылына барды

Аймак 0

Бишкек, 19.05.2021. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кечээ, 18-майда кечинде Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылына барды.

Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, ыйгарым укуктуу өкүл айылдагы чек арага жакын жайгашкан үйлөргө кирип, жашоочулардын абалынан кабар алды.

Облус башчысы аймакта абал туруктуу экенин айтып, айыл элинин коопсуздугу, облустун күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирип, ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Ошондой эле Ак-Сай жана Ворух айылдарынын ортосуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Баткен жана Согди облусунун ички иштер кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлганын жана чек аранын кооптуу участкаларына чек арачылардын жөө патрулу уюштурулганын айтты.

Белгилей кетсек, 17-майда, Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарында эки тараптан жарандардын кармалышы, кыргыз жарандарынын тажик жарандары тарабынан сабалышы боюнча окуядан соң, Ак-Сай айылындагы аялдар жаш балдары менен Баткен шаарына келишкен. Элдер аймакта абал кооптуу болуп жатканын айтып, тынчсызданууларын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий